2021-жылдын 16-мартында Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 аскер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө.

Азыркы маалда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.