Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 000 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.

Тергөөнүнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле белгилүү бир акча каражаттары үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.