Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын бюджет жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын талаптарын бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.