Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан “коргоо жерлери” категориясына кирген баасы 1 млн. сомдон ашык жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.