Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана прокурорлору АКШнын Мамлекеттик департаментинин терроризмге каршы күрөшүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан уюштурулган "Тергөө маалыматтарын башкаруу" темасындагы окуу иш-чарасына катышты.

10 күндүк окуу иш-чарасында угуучулар ыкчам иш-аракеттерде пайда болгон көйгөйлөрдү, кибер коопсуздук чөйрөсүн (социалдык тармактар, смартфондор, тексттик билдирүүлөр, электрондук почта билдирүүлөрү жана жеке түзмөктөрдөгү глобалдык позициялоо системалары), маалыматтарды талдоо, терроризмге каршы күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын тергөө маалыматтарын колдонуунун инновациялык ыкмалары, тергөө маалыматтарынын сакталышын өздөштүрүү, чалгындоо жана укук коргоо органдарынын маалыматтарынын таралышын контролдоо боюнча көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле, окутууга Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлери жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы катышты.

Тренингдин аяктагында катышуучуларга сертификаттар берилди.