2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев жетектеген делегация Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуп өткөн Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин 32-чи отурумунун ишине катышышты.

Аталган иш-чарага Азербайжандын, Армениянын, Беларусьтун, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Башкы прокурорлору катышышты.

Күн тартибине ылайык, жыйында КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча координациялоо маселелери каралып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу багыттары боюнча прокуратура органдарынын аракеттерин күчөтүү жагы каралды.

Башкы прокурор К.Зулушев "Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө" темасында баяндама жасады.

Мындан сырткары БПККнын төрагасы  Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.Краснов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевди жана башкармалыктын башчысын А.Акматовду “Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалдар менен сыйлады

Отурумдун жыйынтыгы менен 2023-жылы Башкы прокурорлордун Координациялык кеңешинин кезектеги отурумун Азербайжан Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Визиттин алкагында, Башкы прокурор К.Зулушев Беларусь Республикасынын Башкы прокурору А.Швед жана Казакстан Республикасынын Башкы прокурору Б.Асылов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн адамдарды өткөрүп берүү, тажрыйба алмашууну улантуу жана прокурордук ишмердүүлүктүн ар кайсы багыттары боюнча кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу иштерин жандандыруу маселелери боюнча эл аралык кызматташууну активдештирүүгө көңүл бурушту.