Баткен областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сүлүктү ШИИБнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду жана ШИИБнин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды. Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндык жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түзгөн.  

Бул фактылар боюнча Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.