2022-жылдын 16-январында прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Мырзабеков Эркинбек Кенешбекович 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Эркинбек Кенешбекович 1961-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин юридика факультетин, 1989-жылы СССРдин прокуратурасынын адистердин билимин жогорулатуу боюнча курстарын бүтүргөн. 1983-жылы Нарын облустук прокуратурасында стажер болуп эмгек жолун баштаган. 1984-1988-жылдар аралыгында Тянь-Шань райондук жана Нарын облустук прокуратураларында тергөөчү, ага тергөөчү, прокурордун ага жардамчысы кызматтарын аркалаган. 1988-1993-жылдары Башкы прокуратурада бөлүмдүн прокурору, 1993-жылдан 1995-жылга чейин Бишкек шаардык прокуратурасында бөлүм башчысы, 1995-1999-жылдары Нарын районунун прокурору, 1999-2002-жылдар аралыгында Нарын облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2002-2005-жылдары Башкы прокуратуранын бөлүмүн улук прокурору, сектордун прокурору кызматтарын аркалаган. 

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Эркинбек Кенешбековичтин жаркын элеси ишине жоопкерчилик менен берилген кесипкөй адис катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.