2019-жылдын 1-январынан тартып, Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" күчүнө кирди. КЖБР - Сотко чейинки өндүрүштүн процесстик иш-аракеттердин башталышы, жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндөгү иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазык процесстердин катышуучулары жөнүндө маалыматтар камтылган электрондук маалымат базасы.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жайылтуу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырылган. Башкы прокуратура аталган реестрдин ээси болуп эсептелет.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри кантип иштейт?


Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри