Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, юстициянын генерал-лейтенанты
Туулган жылы:12-февраль, 1970-жыл
Туулган жери: Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Комсомол айылы
Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик университети
Адистиги: юриспруденция
Эмгек жолу:
1987-жылы — Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда жумушчу;
1988-1990-жылдар аралыгында — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1988-1999-жылдары — Ош технологиялык университетинде мугалим, декандын орун басары;
2000-жылы — Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
2001-жылы — Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру;
2001-2005-жылдар аралыгында — Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунда прокурордун жардамчысы;
2005-2007-жылдары — Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасында ага тергөөчү, Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусундагы Сокулук райондук прокуратурасында тергөөчү, транспорттук прокуратурада прокурордун ага жардамчысы;
2007-2013-жылдар аралыгында — Чүй облусунда Сокулук райондук сотунун судьясы;
2013-жылы — Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;
2015-2020-жылдары — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат;
2020-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.