Размер шрифта
Интервал
Изображения
Генеральная прокуратура
Кыргызской Республики
официальный сайт
Иссык-Кульская область Чуйская область Талаская область Нарынская область Джалал-Абадская область Ошская область Баткенская область

Телефон доверия:
54-28-18

 
 

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

Урматтуу Чыныбай Акунович!

Урматтуу депутаттар!

2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө менин бүгүнкү отчетум республиканын прокуратура органдарынын көзөмөлдүк, ошондой эле тергөө практикасынын статистикалык маалыматтарынын жана материалдарынын негизинде даярдалды.

Отчеттук мезгил ичинде республиканын прокуратура органдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу алкагында, жалпы 9099 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 14558 прокурордук чара көрүү актысы келтирилген.

2016-жылы прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары катары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан социалдык чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү жана балдардын укуктарын коргоо мыйзамдарын сактоо маселелери аныкталган.

Прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Мурда саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият мекемелерине таандык болгон жер аянттарын жана имарат-жайларды менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндөгү” токтомун аткаруу боюнча иштер улантылды. 2016-жылы прокурордук чара көрүү менен муниципалдык менчикке 6 жер аянты жана саламаттык сактоо мекемелерине таандык болгон 1 кыймылсыз мүлктүн обьектиси, 9 балдар бакчасы кайтарылып алынды. Азыркы мезгилде бул маселелер боюнча соттордо 25 доо арыз каралууда.

Ошондой эле, прокуратура органдары тарабынан калкты дары-дармек менен камсыз кылуу абалына өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта Башкы прокуратура тарабынан айрым субъектилерди бажы төлөмдөрүнөн жана кошумча нарк салыгын (НДС) төлөөдөн мыйзамсыз бошотуу фактылары боюнча Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине, Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына жана чарбалык субъектилердин жетекчилерине карата 11 жазык иши козголгон. Алдын-ала баалоо боюнча мамлекетке 20 409 715 сом суммасында зыян келтирилген.

Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан, казакстандык жеке менчик компаниясы иштеп чыккан «ФС-1» дары каражатын туберкулез менен ооругандарга, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда клиникалык сыноону мыйзамсыз жүргүзүү фактысы боюнча жазык иши козголгон. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасында мындай клиникалык сыноолорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн бир дагы клиникалык база жок.

Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө балдардын, жетим балдардын укуктарын коргоо, аларга болгон зомбулук фактыларына бөгөт коюу маселелери актуалдуу бойдон калууда. 2016-жылы биздин текшерүүлөрдө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, алар боюнча административдик жана тартиптик жоопкерчиликке 1831 адам тартылган.

Балдарга карата жасалган кылмыштуулук маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мышдай кылмыштардын саны 16,6 пайызга же 1010дон 842ге азайгандыгына карабастан, алардын 16,8 пайызы инсанга жана жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарды түзөт.

Жашы жете электерге карата кылмыштардын жасалышынын негизги себеби болуп, ата-энелер тарабынан аларды татыктуу багуу жана тарбиялоо боюнча өздөрүнүн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбоосу эсептелет.

2016-жылы прокуратура органдары тарабынан ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө 45 доо арыз келтирилген, анын ичинен 31 канааттандырылып, калгандары сотто каралууда.

Өздөрүнүн туугандары тарабынан зомбулукка кабылган балдар аз эмес. Бул кылмыштардын билинбей калуусунун натыйжасында, күнөөлүүлөр жазасыз калып жаткандыгын танбашыбыз керек.

Ошондой эле, мектептерде окуу процессин тийиштүү уюштуруу, анын ичинде окуу куралдары, жабдуулар жана мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылуу маселелери прокурорлордун көз жаздымында калган жок.

Текшерүүлөр көрсөткөндөй, орточо алганда республика боюнча мектептерди окуу куралдары менен жабдуу 78 пайызды түзөт, ал эми региондордо бул көрсөткүч мындан да төмөн. Көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуулар республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигинде текшерүүнүн предмети болду, анда прокурордук чара көрүү актысын кароонун жыйынтыгы менен бир катар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган.

Мектептерге тамак-аш азыктарын сатып алуу менен байланышкан мыйзам бузуулар боюнча прокуратура тарабынан 3 жазык иши козголгон. Атап айтканда жогорулатылган баада жана сапатсыз азыктарды сатып алуу фактылары аныкталган.

Жашы жете электердин арасында өзүн-өзү өлтүрүү фактылары олуттуу кам көрүүнү талап кылат. Статистикалык маалыматтарга ылайык 2016-жылы жашы жете электердин арасында 95 суицид фактысы катталган, 2015-жылы 96 факты орун алып, анын ичинен 92 пайызы мектеп курагындагы балдар болгон. Бул проблемаларга каршы аракеттенүү боюнча комплекстүү мүнөздөгү зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө Өкмөткө конкреттүү сунуш берилген.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо көйгөйлөрү да прокурорлордун көңүл сыртында калган жок. Прокуратура органдары тарабынан бул багытта 138 мыйзам бузуулар аныкталып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын 91 кызматкери жазаланган, 2 жазык иши козголгон.

Өткөн жылы коррупция менен күрөшүү маселеси прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү бирден-бир артыкчылыктуу багыттардан болуп калды. Негизги күч-аракеттер коррупциялык укук бузууларды аныктоого, укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоого багытталды.

Бул багытта 2016-жылы прокуратура органдарынын жетекчилеринин төрагалык кылуусу менен 40 Координациялык кеңешме өткөрүлдү. Анда бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугу, мамлекеттик сатып алуулар, жерге болгон укуктук мамилелер жана шаар куруу, билим берүү, саламаттык сактоо, тышкы миграция чөйрөсүндөгү, укук коргоо органдарынын системасындагы коррупцияны алдын алуу сыяктуу олуттуу маселелер талкууланган.

Аткаруу бийлигинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иш улантылууда. Бул багытта 2016-жылы Кыргыз Републикасынын укук коргоо органдары тарабынан 1002 жазык иши козголгон, анын ичинен 812 иш же 81 пайызы көзөмөл ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө прокуратура органдары тарабынан козголгон.

Бул кылмыштарда аныкталган зыяндын өлчөмү 940 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 506 млн. сом же 54 пайызы прокуратура органдары тарабынан аныкталган.

Прокуратура органдары тарабынан бизнести коргоого өзгөчө көңүл бурулууда жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен прокурордук чара көрүүнүн 411 актысы келтирилип, тартиптик жоопкерчиликке 214 кызмат адамы тартылган.

Мындан тышкары, прокуратура органдары тарабынан 2016-жылдын август айынан тартып 31-декабрга чейин, ишкердик субъектилерге карата текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын 2353 өтүнүчүнүн мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилип, 94 чарбалык субъектини текшерүүнү каттоодон баш тартылган.

Башкы прокуратура тарабынан улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары менен биргеликте экстремисттик идеялардын калктын арасында жайылышына каршы аракеттенүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргелешип иштөөнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан, экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан веб-сайттарды тосмолоо (блокировкалоо) жөнүндө сотко 13 доо арыз келтирилип, жыйынтыгында 86 веб-сайтты колдонууга тыюу салынды жана чектөө коюлду

Отчеттук мезгилде прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, тарбиялык иштердин абалы жана травматизмди алдын алууга байланыштуу аскердик бөлүктөрдө  текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлдү. 

Прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен тартиптик жоопкерчиликке 30дан ашык кызмат адамы тартылды.

2016-жылы төмөнкүдөй аскердик кылмыштардын төмөндөө тенденциясы белгиленди: уставга ылайык келбеген өз-ара мамилелер 16дан 11ге чейин, аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кетүү жана дезертирлик менен байланышкан кылмыштар 40тан 31ге чейин, ошондой эле суициддин саны 3төн 1ге азайган.

Жакшы натыйжаларга жетишүүгө Аскер прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралар, анын ичинде 57 аскер бөлүгүндө офицерлердин көзөмөлүнөн тышкары жоокерлер убактыларын өткөргөн жерлерге видео байкоо жүргүзүүчү 587 камераны орнотуу себеп болду деп эсептейбиз. Белгилей кетүүчү нерсе, 2016-жылга чейин мындай практиканы ишке киргизүү болгон эмес.

Республиканын Аскер комиссариаттарынын ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелердин бири болуп, 2009-жылдан тартып, альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан акчалай взносторду төлөбөө же толук эмес төлөө болуп саналган.

Прокурорлор тарабынан көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 2016-жылы, чара көрүү актылары боюнча 62 млн. сомдон ашык суммада взностордун келип түшүүсү камсыздалган.

2016-жылы прокурордук корпустун алдына тергөө жана изин суутпай издөө ишине көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, көзөмөлдүн ушул түрүн өркүндөтүүгө чараларды кабыл алуу, жазык куугунтугун ишке ашырууда мыйзамдуулук режимин чыңдоо, жазык сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын жана эркиндигин, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер коюлду.

Жалпы республика боюнча кылмыштуулуктун абалын мүнөздөө менен өткөн жылы анын төмөндөө тенденциясынын сакталышын белгилей кетүү зарыл. Мисалы, отчеттук мезгил ичинде 27481 кылмыш катталган болсо, бул көрсөткүч 2015-жылга караганда 1619га, же болбосо 5,5 пайызга аз.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын, анын ичинде киши өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык, тоноо, бейбаштыктын саны кыскарды. Мындан тышкары, жеке менчикке каршы кылмыштар, анын ичинде уурдоо, мал уурулук жана опузалап алуунун саны кыскарды.

ИИМдин маалыматына ылайык, республика боюнча кылмыштардын бетин ачуу 72 пайыздан ашык түздү, башкача айтканда бул көрсөткүч 2015-жылдын деңгээлинде калды.

Киши өлтүрүү, денесине оор залал келтирүү, каракчылык, тоноо, мал уурулук ж.б. сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды ачуунун көрсөткүчү жакшырды. Мында прокуратура органдарынын ролу процесстерди дайыма көзөмөлдөө, өз убагында кийлигишүү, кылмыштардын фактылары боюнча изин суутпай издөө жана жазык ишинин материалдарын дайыма текшерүү, мыйзам бузуу фактыларына тийиштүү чара көрүү, укук коргоо органдарынын ыкчам бөлүктөрүнүн жана тергөө аппаратынын ишмердүүлүгүн координациялоодо турат.

Жалпысынан республика боюнча бардык укук коргоо органдарында тергөөнүн сапаты иш жүзүндө кыйла жакшыргандыгын белгилей кетүү зарыл.

Сотко жөнөтүлгөн жазык иштеринин саны өстү. Ошол эле учурда реабилитациялык негиздер боюнча кыскартылган жазык иштеринин саны кыскарды. Жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамдардын аныкталбагандыгына байланыштуу өндүрүштөн токтотулган жазык иштеринин саны кыскарды. Тергөөнүн кемчиликтерин жоюу үчүн соттор тарабынан кайтарылган иштердин саны кыскарды. Мамлекетке келтирилген зыянды аныктоонун жана өндүрүүнүн көрсөткүчү жакшырды.

Жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу учурларынын 2015-жылы башталган төмөндөө тенденциясы сакталды. 2016-жылы козголгон жазык иштери боюнча, болгону 35 адам жазык жоопкерчилигине тартылган жана кийин соттор тарабынан акталышкан же тергөөнүн жүрүшүндө реаблитацияланган. Бул 35 адам 2016-жылы жазык жоопкерчилигине тартылган 13542 адамдын болгону 0,2 пайызын түзөт.

Кыйноолор менен күрөшүү боюнча таасирлерди активдештирүүнүн прокурорлор тарабынан көрүлгөн аракеттери натыйжасыз калган жок жана республикада бул чөйрөдөгү абалдын жакшыруусунда белгилүү бир тенденция байкалды.

Кыйноолорду колдонуу маселелери боюнча прокуратура органдарына келип түшкөн жарандардын кайрылууларынын саны 6 пайызга, ал эми жалпы катаал мамилелердин маселеси боюнча кайрылуулар 11 пайызга кыскарды.

Бул кайрылуулардын бардыгы прокуратура органдарында каралды. Далилденген фактылар боюнча жазык иштери козголуп,  прокурордук чара көрүүнүн тийиштүү актысы келтирилди. Далилденбеген фактылар боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү жана негиздүү чечим кабыл алынды.

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү эл аралык деңгээлде да көрсөтүлдү. Бириккен улуттар уюму, ОБСЕнин жана 30 чет өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир катар жемиштүү жолугушуулар жана конференциялар уюштурулган, анда эл аралык эксперттер тарабынан Башкы прокуратуранын бул багытта жүргүзүп жаткан ишине жогору баа берилген.

2016-жылы прокуратура органдары тарабынан мамлекеттин пайдасына жалпы 423 024 880 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 171 049 782 сом прокурордук чара көрүү актылары боюнча 251 975 098 сом тергөөсү аяктаган жазык иштери жана материалдар боюнча өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын маалыматы боюнча, прокуратура органдары тарабынан 340 369 900 сомдук зыян өндүрүлгөн. Айырмачылыктын келип чыгуусунун себеби, казынада республикалык бюджеттин эсебине которулган зыянды өндүрүү жөнүндө маалымат чагылдырылат. Бирок, прокурорлор тарабынан мамлекеттик бюджетке гана эмес, ошол эле учурда түздөн-түз мамлекеттик органдардын жана мекемелердин эсебине да зыян өндүрүлөт.

Урматтуу депутаттар!

Мен берилген убакыттын ичинде өлкөбүздөгү 2016-жылдагы мыйзамдуулуктун абалынын негизги көрсөткүчтөрүн сиздерге айтып өттүм, ал эми кеңири маалымат сиздердин колуңуздарда турган Отчетто чагылдырылган.

2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин, республиканын прокуратура органдарынын милдеттери бир аз өзгөргөндүгүн белгилей кетүүгө болот. Прокуратура органдарынан тергөө алынып салынды жана аскер кызматкери статусуна ээ адамдарга жазык куугунтугу калтырылды.

Ушуга байланыштуу, азыркы учурда биз республиканын укук коргоо органдарындагы изин суутпай издөө ишине жана тергөөгө көзөмөл жүргүзүү ишмердүүлүгүн күчөтүп жатабыз.

Мындан тышкары, бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда, мында биз сиздердин жардамыңыздарга ишенебиз, анткени өлкөдөгү мыйзамдуулукту чыңдоо биздин жалпыбыздын ишибиз.

Республиканын прокуратура органдары мындан ары да өзүнүн ишмердүүлүгүн Конституцияда жана мыйзамдарда жүктөлгөн милдеттерине ылайык жүргүзө тургандыгын ишендирем. Өлкөбүздөгү мыйзамдуулуктун абалын жакшыртуу максатында, биз коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча бизге берилген ыйгарым укуктарды кеңири колдонмокчубуз.

Сиздерде суроолор болсо, жооп берүүгө даярмын.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!

  • Интернет-приемная
    Отправить сообщение

     
  • Антикоррупция

    Уважаемые граждане!
    Просим Вас сообщать о коррупционных схемах или проявлениях коррупции в органы прокуратуры КР:
    Телефон доверия:
    +996 (312) 54-28-18
    (с 9:00 до 18:00 по будням)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •