Размер шрифта
Интервал
Изображения

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Фотогалерея

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы прокуратура органдарынын 2014-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды2015-жылдын 27-февралында, 2014-жылы прокуратура органдарынын аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегиянын отуруму Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчыларынын, областтардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун катышуусунда өттү.

2015-жылдын 28-29-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Дельфин» эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата прокуратура кызматкерлери арасында жалпы республикалык дене тарбия турнири өтүп, анда спорттун төрт түрлөрү: футбол, теннис, стол тенниси жана шахмат боюнча мелдеш өттү.

Турнирдин ачылышында Башкы прокурордун орун басары, Кыргыз Республикасынын аскер прокурору Н.Дюшембиев куттуктоо сөз сүйлөп, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге, спорт оюндары жакшы салтка айланып, прокуратура кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлөөрү жана аларды сергек жашоого умтулуусунабагытталгандыгын белгилеп өттү.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган  Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана абройун коргоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн көрмө жазуусун (видеозапись) атайылап одоно монтаждоо фактысы аныкталды. Көрмө жазууда Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталыш аземинде сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси түп тамырынан бери одоно түрдө бурмаланган. Адистердин тыянактары боюнча, Президенттин сөзүндөгү айрым фразалар контексттен жулунуп алынган жана бурмаланган.

Президентти дискредитациялоо максатында анын сүйлөгөн сөзүнүн одоно монтаждалган көрмө жазуусун белгисиз адамдар Интернет желесинде, так айтканда, YouTube сайтында жайгаштырышкан. Өз кезегинде айрым адамдар бул материалды пайдалануу менен Интернет желесинде жана айрым басылмаларда Президенттин сөзүн бурмалаган макалаларды жана ырларды таркатышкан. Тагыраак айтканда, Кыргызстан азистер жана дудуктар коомунун социалдык борборунун мурдагы директору Темирлан Ормуков өз ырында бул жалган маалыматты таркаткан. Бул факт боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Д. Бекешов Башкы прократурага кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өз учурунда бир катар экспертизаларды дайындаган. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизалары мамлекеттик борборнунун жана КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун адистери ошол кезде эле 2013-жылдын 12-июнунда сүйлөнгөн сөздүн түп нускасынын мазмуну менен монтаждалган көрмө жазуунун, демек, жогоруда көрсөтүлгөн жарыялоолордун ортосундагы ажырымды табышкан болчу.

Кийинки учурда бул иштин тегерегинде чайкоочулуктар кайра башталгандыгына байланыштуу Башкы прокуратура коомчулукка жана массалык маалымдоо каражаттарына 2015-жылы жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгын билдирет:

Экспертиза Президент Атамбаев келтирген: «Талас сага жер болбойт, таластыктар эл болбойт» (орусча котормосу – Талас не будет тебе местом житья, а таласцы – не будут (для тебя) народом) деген сөздөр манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунан алынган үзүндүлөр болуп саналат («Манас  эпосу», Бишкек 2010-ж., 953 жана 979-барактар, «Турар» басмасы). Келтирилген үзүндүдө Манас жубайы Каныкейге кайрылат:

“Менин көзүм өткөндө

Бу Талас сага жер болбойт...

Менин көзүм өткөн соң

Кең Талас сага эл болбойт...”

Андан ары Мамлекет башчысы “Манас” эпосунан башка үзүндүлөрдү келтирет: Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө! Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет! (Орусчасы – Не разделяйся кыргызский народ, не делись! Не будешь единым - станешь добычей врага. И тогда пойдет по миру слух, что нет больше единства среди кыргызов).

Ошентип, бул контекстте Президент “Манас” эпосунан келтирилген үзүндүлөрдүн мисалында кыргызстандыктарды бөлүнүп-жарылбоого, бирдиктүү эл болууга жана өткөндүн катачылыктарын кайталабоого чакырган. (Президенттин сөзүнөн үзүндүнүн түп нускасы мында:    https://youtu.be/sj156ZfPxbA)

Президент айткан «Нарындыктар, силер малчысыңар» деген фраза да бурмаланган.  (Айрым басылмалар тарабынан «нарындыктар, силер малсыңар»деген түрдө таркатылып келген Президенттин сөзүнөн үзүндүнүн түп нускасы мында: https://youtu.be/OPe5FOHqCqY). Андан тышкары, кызыкдар адамдар тарабынан Президент айткан “малчысыңар” деген фразаны “малсыңар” деген түргө өзгөрткөн көрмөнүн (видео) монтажы жасалган.

Эксперттердин тыянагы боюнча, контексттен ажыратылып алынган сөздөр жана бурмаланган фразалар, ошондой эле аларды ушундай түрдө берүү адамдарды адаштырып, ал сөздөрдү айткан кишиге карата терс  пикирди жаратышы мүмкүн. Андан калса, монтаждалган көрмө жазууда жана бир катар жарыялоолордо пайдаланылган айрым сөздөр региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерди камтыйт.

Өз учурунда Башкы прокуратура жалган маалыматты таркаткан жалпыга маалымдоо каражаттарын оозеки эскертүү жетиштүү деп эсептеген. Бирок 2013-жылдын 12-июнунда сүйлөнгөн сөздүн монтаждалган көрмө жазуусу Интернет желесинде, так айтканда, төмөнкү сайттарда ушул кезге чейин турат:

www.Bulbul.kg/video:23959 ;        

www.youtube.com/watch?v=lxt0c9t8SUM&t=769s ; 

www.blive.kg/video:207093/ ; 

www.namba.kg/#!/video/6327271/ .

Ушуну жана бул теманын айланасындагы чайкоочулук кайра башталганын эске алуу менен текшерүү жана конкреттүү фактылар боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн экспертизанын жыйынтыктары жана тийиштүү материалдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлдү.

 

Жаңылыктар

07.02.17

Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Президентинин "таластыктар" жана "нарындыктар" жөнүндө сөздөрүн атайын мантаждоо жана бурмалоо фактысын аныктады

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган  Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана абройун коргоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн көрмө жазуусун (видеозапись) атайылап одоно монтаждоо фактысы аныкталды. Көрмө жазууда Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталыш аземинде сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси түп тамырынан бери одоно түрдө бурмаланган. Адистердин тыянактары боюнча, Президенттин сөзүндөгү айрым фразалар контексттен жулунуп алынган жана бурмаланган.

Видеоотчёт

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

Сүрөт репортаж

Научно-практическая конференция, организованная Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики   Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

 

  • Интернет-приемная
    Отправить сообщение

     
  • Антикоррупция

    Уважаемые граждане!
    Просим Вас сообщать о коррупционных схемах или проявлениях коррупции в органы прокуратуры КР:
    Телефон доверия:
    +996 (312) 54-28-18
    (с 9:00 до 18:00 по будням)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •