Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин жетекчисине карата кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №37 мекемесинин жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Кылмаш-жаза кодексинин   304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 313-(опузулап пара талап кылуу)  жана 313-1(пара алуу) беренелери менен кылмыш иши козголду.

Аныкталгандай, аталган мекеменин жетечиси колониянын аймагынан сыртка чыгуу жана эркиндикте жүрүүгө уруксат берүү үчүн соттолгон Г.С. аттуу жарандан байма-бай акча каражатын талап кылып жүргөн. Жыйынтыгында жетекчи соттолгон Г.С.дан жалпы суммасы 300 АКШ долларын жана 9 миң сом акча каражатын  алган. Ошондой эле жетекчи өзнүн жеке автоунаасы үчүн эки машина дөңгөлөгүн  талап кылган.

2016-жылдын 22-октябрында прокуратура кызматкерлеринин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирге өтөргөн ыкчам тергөө иш чаралардын натыйжасында 5 миң сом акча каражатын жана машиненин эки дөңгөлөгүн алып жаткан жеринен Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси М.Э. кармалган.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар

Видеоотчёт

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

Сүрөт репортаж

Научно-практическая конференция, организованная Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики   Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

 

Областтардын прокуратуралары

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу