Размер шрифта
Интервал
Изображения

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Фотогалерея

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы прокуратура органдарынын 2014-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды2015-жылдын 27-февралында, 2014-жылы прокуратура органдарынын аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегиянын отуруму Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчыларынын, областтардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун катышуусунда өттү.

2015-жылдын 28-29-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Дельфин» эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата прокуратура кызматкерлери арасында жалпы республикалык дене тарбия турнири өтүп, анда спорттун төрт түрлөрү: футбол, теннис, стол тенниси жана шахмат боюнча мелдеш өттү.

Турнирдин ачылышында Башкы прокурордун орун басары, Кыргыз Республикасынын аскер прокурору Н.Дюшембиев куттуктоо сөз сүйлөп, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге, спорт оюндары жакшы салтка айланып, прокуратура кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлөөрү жана аларды сергек жашоого умтулуусунабагытталгандыгын белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы аскер бөлүгүнүн бухгалтердик отчетун текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмаш-жаза кодексинин   304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-(бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) беренелери менен кылмыш иши козголду.

2014-жылы аталган аскер бөлүгү тарабынан аскер кызматкерлерине аванс төлөө үчүн “КИКБ” жеке банкы аркылуу 4 млн. 166 миң 136 сом алынып, акчалай берилген. Бирок, бухгалтердик отчет боюнча банктан 525 миң 012 сом гана алынгандыгы белгилүү болгон. Ошентип текшерүүдө 3 млн. 641 миң 123 сом сумма акча каражатынын орду жок болуп чыккан.

Мындан тышкары, текшерүүдө 8 аскер кызматкеринин 2014-жылдын 30-сентябрында жумуштан бошотулгандыгына карабастан, 28-ноябрь күнү бухгалтерия тарабынан аталган кызматкерлердин карточкалык эсебине айлык акы иретинде 216 миң 500 сом которулгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар

07.02.17

Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Президентинин "таластыктар" жана "нарындыктар" жөнүндө сөздөрүн атайын мантаждоо жана бурмалоо фактысын аныктады

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган  Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысын жана абройун коргоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн көрмө жазуусун (видеозапись) атайылап одоно монтаждоо фактысы аныкталды. Көрмө жазууда Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталыш аземинде сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси түп тамырынан бери одоно түрдө бурмаланган. Адистердин тыянактары боюнча, Президенттин сөзүндөгү айрым фразалар контексттен жулунуп алынган жана бурмаланган.

Видеоотчёт

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

Сүрөт репортаж

Научно-практическая конференция, организованная Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики   Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 91 жыл толду

 

  • Интернет-приемная
    Отправить сообщение

     
  • Антикоррупция

    Уважаемые граждане!
    Просим Вас сообщать о коррупционных схемах или проявлениях коррупции в органы прокуратуры КР:
    Телефон доверия:
    +996 (312) 54-28-18
    (с 9:00 до 18:00 по будням)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •